> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/08/kyrghyzstanda-faonun-35-mln-dollarlyk-dolboorloru-ishkie-ashuuda/
- Published: 2026-04-08T09:44:41.000Z
- Updated: 2026-04-08T09:44:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО уюмуна ыраазычылык билдирди.

> Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда ФАОнун жалпы суммасы 35 миллион АКШ долларын түзгөн 13 улуттук долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорлор мал чарбачылыгын жана багбанчылыкты өнүктүрүү, органикалык айыл чарба, суу ресурстарын башкаруу, санариптештирүү, биокоопсуздук жана жашыл инвестицияларды камтыйт. Мындан тышкары, өлкө уюмдун аймактык жана глобалдык демилгелерине да активдүү катышууда.

Министр ФАОнун адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытында кызматташууну мындан ары да чыңдоого ишеним билдирди.