> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/09/bishkiek-mienien-sankt-pietierburgh-kyzmattashuunu-kienieituunu-talkuulashty/
- Published: 2026-04-09T03:30:53.000Z
- Updated: 2026-04-09T03:30:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра жетектеди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.**

Жолугушууда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Негизги көңүл эки шаар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жандандырууга бурулуп, кызматташуунун негизги багыттары боюнча иш-чаралар планы — "Жол картасын" жаңылоо жана ишке ашыруу маселелери каралды.

Евгений Кассюра Бишкек мэриясына "Наристе" эл аралык балдар фольклордук фестивалына чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн жана маданий байланыштарды чыңдоодогу ролун белгиледи.

> Өз кезегинде Кубанычбек Иманалиев муниципалитет кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Анын алкагында шаардык башкаруу, көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү пландалууда.

Ошондой эле тараптар туризм тармагындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап шаарларды өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.

****Маалымат үчүн:** Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосунда өнөктөштүк 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. Ал эми 2022-жылдын 4-ноябрында тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча "Жол картасына" кол коюшкан.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-27.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-42.jpeg)