> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/09/i/
- Published: 2026-04-09T10:59:03.000Z
- Updated: 2026-04-09T10:59:02.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады.**  

> Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды.  
>  
> Ал эми Испаниянын борбору Мадридден кармалган 41 жаштагы Ю А. С. жана 46 жаштагы Ю. П. В. жүк ташуучу унаа боюнча алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган. Алар, ИИМ билдиргендей, жүк ташуучу машиналарды сатып алып, ошол тармакта иш алып барышкан, бирок ири суммадагы акча алган соң милдетин аткарбай, из жашырып кетишкен.  

Ушул тапта кармалган жарандарды Кыргызстанга алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалган.