> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/09/toghuz-torodo-6-min-daana-alma-kochotu-akysyz-taratyldy/
- Published: 2026-04-09T04:23:18.000Z
- Updated: 2026-04-09T04:23:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү бекер таратылып берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 20-февралындагы №20 "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулду. Анын негизинде айыл тургундарына Крипсон, Симиренко, Голден Делишес, Столовка, Белый Налив жана Ред Чиф сыяктуу алма сорттору берилди.

> Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан каржыланууда.

Адистердин айтымында, мындай демилгелер бак-дарактарды көбөйтүүгө, айыл тургундары үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-09-at-09.55.33-2.jpeg)