> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/09/ysyk-koldun-saruu-aiylynda-226-mln-somgho-miektiep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-09T05:12:47.000Z
- Updated: 2026-04-09T05:12:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектеп курулууда. Учурда объекттин курулушу аяктоо этабында. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 226,3 млн сомду түзөт.

> Жаңы мектептин аянты 3220 чарчы метр болуп, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралып, заманбап талаптарга ылайык курулууда. Азыркы учурда ички курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан мектеп 320 орунга ылайыкталганына карабастан, анда 720 окуучу билим алууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-09----11.10.08-2.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-09----11.10.14.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-09----11.10.20.png)