> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/amerikalyktar-kriptovaliuta-aldamchylygynan-bir-zhylda-11-3-mlrd-dollar-zhogotushkan/
- Published: 2026-04-10T03:35:11.000Z
- Updated: 2026-04-10T03:35:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Америкалыктар криптовалюта алдамчылыктарынан 11 млрд доллардан ашык акча жоготушканын "Казинформ" АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун интернет кылмыштары боюнча отчетуна шилтеме берип жазды.**

> Маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет кылмыштары боюнча арыздануу борбору (IC3) 1 миллиондон ашык билдирүү алган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 859,5 миң болгон.

> Өткөн жылы америкалыктар алдамчылыктын айынан 20,877 млрд доллар жоготушкан.

> 11,366 млрд доллар жоготууга алып келген криптовалюта алдамчылыктары бардык интернет кылмыштарынын жарымынан көбүн түзгөн.

Мындан тышкары, өткөн жылы келип түшкөн болжол менен 1 млн арыздын 181 565и криптовалютага байланыштуу болгон.