> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/bishkekte-aitmatov-prospektisinde-zhany-kiruu-zholdoru-paida-bolot/
- Published: 2026-04-10T12:10:07.000Z
- Updated: 2026-04-10T12:10:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда.

> Мындан тышкары, шаарда эки жаңы жолду куруу маселеси каралууда. Тактап айтканда,  
> — Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин, узундугу **1,3 чакырым**, эки тилкелүү жол;  
> — Арстанбек Дүйшеев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, узундугу **1,1 чакырым**, төрт тилкелүү жол.

Ошондой эле аталган аймактарда светофор орнотуу да пландалууда.

Белгиленгендей, Миңжылкыев көчөсүн куруу учурунда жол окуу жайларына жакын жайгашкандыктан, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине чектеш аймактар долбоорго киргизилет.

Жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-35.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-28.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-24.jpeg)