> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/bishkektin-ak-tilek-konushunda-100-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-04-10T09:58:50.000Z
- Updated: 2026-04-10T09:58:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашып, 100 орунга ылайыкталган.

Долбоордун тапшырыкчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

> Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашып, жер тилкесинин аянты **0,2179 гектарды**, ал эми имараттын жалпы аянты **1042,05 чарчы метрди** түзөт.

Учурда курулуш иштеринин алкагында темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат.