> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/bishkektin-bir-katar-aimaktarynda-14-aprelde-suu-ochurulot/
- Published: 2026-04-10T14:03:19.000Z
- Updated: 2026-04-10T14:03:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди.**

Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет.

> Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:  
> — Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, С. Боронбай, Жазыйра, Муромская, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Кырккыз, Көк-Жайык жана Торугарт көчөлөрү;  
> — "Рабочий городок", "Дыйканчылык институту", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана "Теңир-Тоо" (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) конуштары.

Белгиленгендей, өчүрүү "Гагарина" жана "Юго-Западный" суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.

"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.