> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/kochkordo-395-mln-somgo-zhany-avtobeket-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-10T09:20:14.000Z
- Updated: 2026-04-10T09:20:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы **395 миллион сомду** түзөт.

Курулуш иштери **2025-жылдын февраль айында башталып**, учурда объекттин даярдыгы **45%га** жетти.

> Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты **14 469 чарчы метрди** түзүп, эки кабаттуу имаратты камтыйт. Мындан тышкары, транспорттук техникалык тейлөө жайы, унаа токтотуучу аянт жана аймакты көрктөндүрүү иштери да каралган.

Белгиленгендей, курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-10----14.37.38.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-10----14.37.43.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-10----14.37.51.png)