> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/meerim-zhumanazarova-aziianyn-eki-zholku-chempionu-boldu/
- Published: 2026-04-10T03:57:16.000Z
- Updated: 2026-04-10T03:57:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**9-апрелде Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңип алды.**

> Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал **68 кг чейинки салмак** ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн **10:0 эсебинде** мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта уткан.

Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — **Япониянын өкүлү,** Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) **Мива Морикава менен беттешип, 2:1 эсебинде** жеңишке жетти.

Ал эми **Айпери Медет кызы 76 кг** чейинки салмак категориясында күч сынашып, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында **күмүш медаль тагынды.**