> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/10/talastagy-medkolledzhde-oluk-zhandar-skhemasy-achyktaldy/
- Published: 2026-04-10T06:11:00.000Z
- Updated: 2026-04-10T06:11:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаарындагы медициналык колледжде ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, **2012-жылдан 2026-жылдын** мартына чейин **бир жаран расмий түрдө** жумушка кабыл алынганы менен, иш жүзүндө **эмгек милдеттерин аткарган эмес.** Ошого карабастан, ага жалган табелдердин негизинде үзгүлтүксүз айлык маяна төлөнүп турган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин **210 – беренеси** (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке **келтирилген зыян 1 млн 492 миң 335 сомду түзгөн.**

Учурда окуя боюнча тиешелүү оперативдүү-тергөө иштери уланууда.