> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/11/bishkekte-koomduk-tartipti-kamsyzdoo-kuchotuldu/
- Published: 2026-04-11T09:49:09.000Z
- Updated: 2026-04-11T09:49:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты.**

билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. 

> Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алууга, коомдук тартипти бузган мас абалындагы жарандарды аныктоого, ошондой эле мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды табууга багытталат.

Мындан тышкары, борбор калаанын аймагында «Көчө» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары уюштурулууда. Бул иш-чаралардын алкагында жеке жүрүү каражаттарынын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча өзгөчө көңүл бурулат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/670294473_18173236750397766_3310836646252794866_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/662912431_18173236786397766_6319790552257791487_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/669748706_18173236858397766_6354144336857963019_n-1.jpg)