> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/13/belovodskoe-aiylynda-aktsizi-zhok-1-mln-somduk-tameki-tabyldy/
- Published: 2026-04-13T12:16:50.000Z
- Updated: 2026-04-13T12:16:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.** 

> Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.