> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/13/leilektik-ishker-kurma-kak-zhana-oruk-maiyn-ondurup-rynokko-chygaruuda/
- Published: 2026-04-13T07:09:24.000Z
- Updated: 2026-04-13T07:09:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом, Бизнес

**Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

> Аталган ишти өнүктүрүү максатында донорлор тарабынан 2 миллион сом көлөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Өнүктүрүү фондунан дагы 300 миң сом бөлүнгөн.

Учурда ишкер өндүрүштү кеңейтүү жана продукциянын көлөмүн көбөйтүү багытында иштерди улантууда.