> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/13/naryn-daryiasynyn-zheeginde-zhashagandarga-koopsuzduk-boiuncha-tushunduruu-ishteri-zhurguzuldu/
- Published: 2026-04-13T08:05:42.000Z
- Updated: 2026-04-13T08:05:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жашаган жарандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, иш-чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган.

> Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды. Анда суу жээгинде жүрүм-турум эрежелери, айрыкча жаш балдарды көзөмөлдөө зарылдыгы жана коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтар камтылган.

ӨКМ жарандарды өз коопсуздугуна кайдыгер карабоого жана сактык чараларын так сактоого чакырат.