> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/13/sokulukta-3-8-mln-somduk-aldamchylykka-shektuu-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-04-13T06:20:26.000Z
- Updated: 2026-04-13T06:20:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген.

Анын ичинде:

- 39 баш кой;
- "Арашан" тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
- 5 жаштагы 1 карагер айгыр болгон.

Бирок шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, байланыштан чыгып, изин жашырып жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

> Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1984-жылы туулган Ж.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0313 45 33 80 номери аркылуу же Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну суранат.