> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/13/ysyk-koldon-14-200-metr-sintetikalyk-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-04-13T06:54:00.000Z
- Updated: 2026-04-13T06:53:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди.**

Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.