> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулушта коопсуздук эрежесин бузган компанияга айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/14/bishkekte-kurulushta-koopsuzduk-erezhesin-buzgan-kompaniiaga-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-04-14T07:59:02.000Z
- Updated: 2026-04-14T07:59:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти видео кайрылуунун негизинде курулуш объектисинде ыкчам текшерүү жүргүздү.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Ахунбаев – Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

Натыйжада курулуш материалдарынын бир бөлүгү жерге түшүп, курулуш аянтчасынын жанында токтоп турган автоунаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган. Окуя жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, бирок жабыркагандар болгон эмес.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн “Беш-Сары К” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-14----13.28.16.png)