> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ: нөшөрдөн улам сел жана көчкү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/14/okm-noshordon-ulam-sel-zhana-kochku-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-04-14T11:28:11.000Z
- Updated: 2026-04-14T11:28:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**15-апрелден 17-апрелге чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда дарыялардын нугунан чыгып кетүү коркунучу да бар.

> Ошондой эле тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Айрыкча Бишкек — Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198–250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), ошондой эле Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) көчкү коркунучу жогору.

Мындан тышкары, күрткү жаралып, жолдордо муз тоңуп, тайгалак болушу күтүлүүдө.

ӨКМ айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты кармоону сунуштайт.