> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто автокраны оодарылган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/14/oshto-avtokrany-oodarylgan-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-04-14T04:54:41.000Z
- Updated: 2026-04-14T04:54:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы автокранга байланыштуу кырсык боюнча чара көрдү.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя Ош шаарынын Тилеке-Батыр көчөсү 4 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Жүк көтөрүүчү автокран электр трансформаторун көтөрүп жаткан учурда оодарылып кеткен.

> Ыкчам текшерүүнүн жыйынтыгында курулушта техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталды. Натыйжада трансформатор жерге кулап, тосмо бузулуп, бастырма конструкциясы талкаланды. Автокрандын жебеси коңшу турак үйдүн аймагына түшкөн.

Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.

> Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн “Найман Ийгилик” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Объект толугу менен калыбына келтирилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-14----10.23.44.png)