> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/14/sokulukta-ata-enesi-zhok-baldarga-zher-tilkeleri-berildi/
- Published: 2026-04-14T04:42:40.000Z
- Updated: 2026-04-14T04:42:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктары толук камсыздалбай келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Текшерүүнүн негизинде прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга балдарды жер тилкелери жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча прокурордук акт киргизилди.

> Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында "Семетей" жаңы конушунан 7 жетим бала жер тилкелери менен камсыз болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ.