> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэри шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/bishkek-meri-shaardagy-bir-katar-kurulush-obektilerin-teksherdi/
- Published: 2026-04-15T07:18:07.000Z
- Updated: 2026-04-15T07:18:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Текшерүүдө имараттын абалы каралып, аныкталган көйгөйлөр боюнча тапшырмалар берилди. Мэр реконструкция Спорт сарайы жана "Жаштык" аренасынын архитектурасына шайкеш болушу керектигин белгилеп, мурда өнүккөн спорт түрлөрү үчүн шарттарды сактоо зарылдыгын айтты.

Учурда объектте демонтаж иштери жүрүп, ага атайын техникалар тартылган. Иштерди шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Адистер эски бассейнди калыбына келтирүү мүмкүн эмес деген жыйынтык чыгарышкан. Ошондуктан анын ордуна жаңы объект куруу чечими кабыл алынган.

> Ошондой эле мэр "Манас" аэропортуна бара турган альтернативдүү жолдун курулушун текшерди. Узундугу 1,5 чакырым болгон жолдо төрт тилке, тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Калаа башчысы иштерди тездетүүнү жана коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-40.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-30.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-26.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/7-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/5-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/6-3.jpeg)