> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясын кеңейтүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/kyrgyzstan-menen-iaponiia-emgek-migratsiiasyn-keneituunu-talkuulashty/
- Published: 2026-04-15T08:05:38.000Z
- Updated: 2026-04-15T08:05:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Японияга болгон жумушчу сапардын алкагында 14-апрелде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык боюнча парламенттик вице-министри Масаюки Камия менен жолугушту.**

Ведомстовнун маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана иш менен камсыз кылуу багытындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Айрыкча "Токутэй гино" (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашыруу жана Япониянын эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңы багыттарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

> Тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү ниети тастыкталып, тиешелүү министрликтердин ортосунда меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-41-1.jpeg)