> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу 45%га аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/lebedinovka-ges-5-avtozholu-achyldy/
- Published: 2026-04-15T11:26:44.000Z
- Updated: 2026-04-15T11:59:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарында “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.**

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин 45%ы аткарылды. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер 2025-жылдын ноябрь айында башталган.

> Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан туруп, шаардагы ири маданий жана эс алуу борборлорунун бири болору күтүлүүдө.

Башкы планга ылайык, борбордо аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.

Курулуш иштеринин жүрүшү “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, объектини жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.13.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.17.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.24.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.27.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.33.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-15----17.45.36.png)