> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта жаңы ГЭСтер, заводдор жана ондогон социалдык объектилер курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/nookatta-zhany-gester-zavoddor-zhana-ondogon-sotsialdyk-obektiler-kurulat/
- Published: 2026-04-15T09:58:19.000Z
- Updated: 2026-04-15T09:58:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан маалымдашты.**

Жолугушууда мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшекановдун айтымында, өткөн жылы райондо 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгон. Мындан тышкары, 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыздалган.

2026-жылга карата дагы 19 социалдык объектти куруу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.

> Энергетика тармагында да ири долбоорлор ишке ашууда. Кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи пайдаланууга берилсе, учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.

Мындан тышкары, райондо 12 ири ишкананы ачуу пландалууда. Алардын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.

Бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.