> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында 1000 көчөт отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/osh-shaarynda-1000-kochot-oturguzuldu/
- Published: 2026-04-15T07:55:13.000Z
- Updated: 2026-04-15T07:55:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иш-чарасы Курманжан датка көчөсүндө өтүп, ага мэр Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты.

> Анын алкагында липа жана четин (рябина) дарактары тигилди.

Бул иш-чара шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында уюштурулду.