> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/sottuk-eksperttik-tarmak-uchun-kadr-daiardoo-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2026-04-15T13:15:10.000Z
- Updated: 2026-04-15T13:15:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы байланышты бекемдөө маселеси талкууланды. Айрыкча жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйү көтөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн эксперттик тармакта иштөөгө кызыгуусу төмөн экендиги белгиленди. Мунун негизги себептеринин бири катары айлык акынын деңгээли айтылды.

> ЖОЖ өкүлдөрү да бир катар маселелерди көтөрүп, бардык бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен камсыз кылуу кыйын экенин белгилешти. Себеби айрым багыттар боюнча тиешелүү адистиктер жетишсиз. Ушуга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана жаңылоо зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрү боюнча практикалык процесстер тааныштырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-4.webp)