> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/15/zhkku-alkagynda-koopsuzduk-maseleleri-talkuulandy/
- Published: 2026-04-15T12:45:17.000Z
- Updated: 2026-04-15T12:45:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.**

Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар каралды.

> Тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, азыркы жана жаңы пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуяларга да токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Адилет Орозбеков ЖККУнун потенциалын жана кадыр-баркын чыңдоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирип, Таалатбек Масадыковду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-15-at-16.39.23-1.jpeg)