> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба маселелери боюнча жаңы call-борбор иштей баштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/aiyl-charba-maseleleri-boiuncha-zhany-call-borbor-ishtei-bashtady/
- Published: 2026-04-16T05:38:47.000Z
- Updated: 2026-04-16T05:38:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлер жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн адистештирилген байланыш борбору (call center) ишке киргизилгенин билдирди.**

Маалыматка ылайык, жаңы сервис фермерлерге ыкчам маалымат берүү, практикалык жардам көрсөтүү жана министрлик менен түз байланыш түзүү максатында түзүлгөн. Байланыш борборунун ишке кириши аркылуу айыл чарба тармагында иш алып барган жарандар мамлекеттик программалар боюнча так маалымат алып, өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча кеңеш ала алышат.

Байланыш борбору аркылуу төмөнкү негизги багыттар боюнча консультация берилет:  
— мамлекеттик колдоо (жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, лизинг);  
— суу ресурстары жана ирригация маселелери;  
— өсүмдүк өстүрүү, коргоо жана карантин;  
— мал чарбасы, ветеринария жана асыл тукум иши;  
— продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорт.

> Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 1210 кыска номери иштейт. Чалуулар өлкө аймагында бардык байланыш операторлорунан жеткиликтүү. Байланыш борбору иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул демилге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана агроөнөр жай комплексинде санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат.