> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ШКУ алкагында фитосанитардык коопсуздук маселелери каралды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/bishkekte-shku-alkagynda-fitosanitardyk-koopsuzduk-maseleleri-karaldy/
- Published: 2026-04-16T12:20:35.000Z
- Updated: 2026-04-16T12:20:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташкан министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара "Фитосанитардык чөйрөдөгү өнөктөштүк – ШКУ өлкөлөрүнүн соода байланыштарын чыңдоочу фактор" темасында уюштурулду.

Кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги делегациялары жана уюмдун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров өкүлчүлүк кылды.

> Жыйындын жүрүшүндө тараптар күн тартибин бекитип, кызматташуунун негизги багыттары боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу, айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү жана фитосанитардык көзөмөлгө заманбап санарип технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында катышуучулар өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган протоколго кол коюшту. Бул документ ШКУ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.