> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда балдар жана энелер өлүмү жогору бойдон калууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/kyrgyzstanda-baldar-zhana-eneler-olumu-zhogoru-boidon-kaluuda/
- Published: 2026-04-16T05:25:43.000Z
- Updated: 2026-04-16T05:25:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, 2026-жылдын башындагы демографиялык көрсөткүчтөрдү жарыялады.**

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда балдардын жана ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээли өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жогору бойдон калууда. 2025-жылы 5 жашка чейинки балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 14,1 өлүмдү түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бираз төмөндөгөн. 

> Ошондой эле ымыркайлардын өлүмү акыркы жылдары азайып жатканы байкалганы менен, дагы эле жогору бойдон калууда. 2025-жылы ар миң тирүү төрөлгөн ымыркайга 11,6 өлүм туура келди.

Мындан тышкары, энелердин өлүмү да олуттуу көйгөй бойдон калууда. 2025-жылы кош бойлуулук, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилдин татаалдашына байланыштуу 31 аял каза болгон. Бул ар жүз миң тирүү төрөлгөн балага 22,1 аялдын өлүмү туура келгенин көрсөтөт.

> Бул көрсөткүчтөр эне жана бала саламаттыгын коргоо багытындагы иштерди күчөтүү, медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу зарылдыгын айгинелейт.