> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта Интернационал айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/nookatta-internatsional-aiylynda-ichuuchu-suu-sistemasy-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-16T09:46:27.000Z
- Updated: 2026-04-16T09:46:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылынын Баарын участкасында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Бул долбоор аймак калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Анын алкагында жаңы суу өткөрүүчү магистралды тартуу этабы ийгиликтүү аяктады.

Учурда төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери аткарылды:

- 2 километрден ашык заманбап суу түтүктөрү тартылды;
- диаметри 110 мм болгон 1 031 погондук метр жана диаметри 75 мм болгон 1 037 погондук метр түтүктөр орнотулду;
- темир-бетондон жасалган суу кудуктары курулду;
- курама темир-бетон конструкцияларынан кудуктар тургузулду, алардын жалпы көлөмү 10,29 м³ түздү;
- төшөлмө катмарды салуу, герметизациялоо жана коргоочу отмосткаларды жасоо иштери жүргүзүлдү.

> Аталган долбоор ишке ашырылгандан кийин аймак тургундары сапаттуу жана туруктуу ичүүчү суу менен камсыз болот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-16-at-13.41.01-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-16-at-13.41.02-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-16-at-13.41.02-3.jpeg)