> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/salyk-kyzmaty-ak-zhol-otkormo-punktunda-myizamsyz-zhuktordu-anyktady/
- Published: 2026-04-16T07:39:42.000Z
- Updated: 2026-04-16T07:39:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте "Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.** 

Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келе жаткан эл керектөөчү товарлар аныкталды.

> Атап айтканда, самын каражаттары, кондитердик азыктар жана ар түрдүү тамак-аш продукциялары мыйзамсыз алып кирилгени белгилүү болду.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда эсепке алынбаган товарлардын жалпы наркын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.