> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча форум өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/16/too-ken-tarmagyn-onukturuu-boiuncha-forum-ottu/
- Published: 2026-04-16T09:36:25.000Z
- Updated: 2026-04-16T09:36:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия” аттуу тоо-кен тармагынын форумуна катышты.** 

Форумдун максаты – глобалдык экономикалык трансформация шартында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу болду.

> *Эрлист Акунбеков, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы өлкө экономикасында негизги орунду ээлеп, ал экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы, экспорттук кирешелердин олуттуу бөлүгүн камсыздайт жана мамлекеттик бюджетти толтуруунун маанилүү булагы экенин белгиледи.* 

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү, казып алуу өнөр жайында технологиялык жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле 2035-жылга чейин тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Мындан тышкары тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана минералдык-сырьёлук базаны рационалдуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.