> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто “Мадина” кондитердик цехи ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/19/oshto-madina-konditerdik-tsekhi-achylyp-100-zhumush-ordu-tuzuldu/
- Published: 2026-04-19T07:21:14.000Z
- Updated: 2026-04-19T07:21:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ Ош шаарында “Мадина” аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.** 

Иш-чарада шаар башчысы ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында иштер жүрүп жатканын белгилеп, инвесторлорду кызматташууга чакырды. Анын айтымында, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн мамлекеттик кызматтарды ыкчамдатуу чаралары көрүлүүдө.

> Аталган ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сомдук колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү. Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/672688975_1299279802390914_4110982991756373716_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/672691228_1299279442390950_369547188723828745_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/674069481_1299279685724259_9204471348626706008_n.jpg)