> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БМУда иш орундар жарманкеси өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/20/bmuda-ish-orundar-zharmankesi-otot/
- Published: 2026-04-20T04:49:54.000Z
- Updated: 2026-04-20T04:49:54.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Экономика

**23-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде(БМУ) бош орундар жарманкеси өтөрүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.**

Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5 миңден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.

> Иш-чаранын алкагында катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз маектешип, ишке орношуу боюнча кеңештерди алат. Иш берүчүлөр резюме түзүүгө жардам берип, эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр жана такшалма жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат берет.

Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого көмөктөшүүчү тесттер, оюндар жана викториналар уюштурулат. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.

Иш-чаранын максаты — жарандарды жумушка орноштуруу, окуу жайлар менен байланышты чыңдоо жана эмгек рыногу тууралуу маалымат берүү.