> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкор районунда “Адал азык” социалдык дүкөнү ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/20/kochkor-raionunda-adal-azyk-sotsialdyk-dukonu-achyldy/
- Published: 2026-04-20T10:50:25.000Z
- Updated: 2026-04-20T10:50:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Кочкор районунда калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган “Адал азык” аталышындагы жаңы социалдык дүкөн өз ишин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Аталган дүкөн “Тойбосс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ачылып, долбоор Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Ормон-Хан айыл өкмөтү жана Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылды.

> Социалдык дүкөндө “Тойбосс” фирмасы өндүргөн продукциялар, ошондой эле уй, жылкы жана тоок эттери жеткиликтүү, арзан баада сунушталууда. Бул демилге жергиликтүү калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу менен бирге, баалардын туруктуулугун сактоого жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Мындай социалдык долбоорлор аймактагы жашоочулар үчүн чоң колдоо болуп, калктын турмуш деңгээлин жакшыртууга өз салымын кошот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-20-at-15.46.31.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-20-at-15.46.32-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-20-at-15.46.32.jpeg)