> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/20/kyrgyzstanda-uluu-ata-mekendik-sogushtun-24-ardageri-bar/
- Published: 2026-04-20T05:19:47.000Z
- Updated: 2026-04-20T05:19:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.**

> *Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө алардын ичинен сегизи— согуштун түз катышуучулары.*

> *Аймактар боюнча:*

> *Бишкек — 4;*

> *Чүй облусунун Жайыл району — 2;*

> *Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;*

> *Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.*

> *Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт: алардын төртөө Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.*

Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын сегизи Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.