> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарынга 2 сантиметр кар түштү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/20/narynga-2-santimetr-kar-tushtu/
- Published: 2026-04-20T04:32:03.000Z
- Updated: 2026-04-20T04:35:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун аймагына кар жаады. Облустун аймагындагы ашуу берлдерде жана унаа жолдорунда абал туруктуу. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык башкармалыгынан маалымдашты.**

Маалыматка ылайык, Нарын, Ат-Башы райондорунун аймагына 1-2 сантиметр кар жаады. Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт тилкелерине түнү менен кум-туз аралашмасы чачылып учурда кар ээрип жатат.

Ал эми Долон ашуусуна жана Кара-Үңкүр капчыгайына кар түшкөн эмес.