> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Парламент комитети МинКаб төрагасынын орун басарлыгына Маматкановду жактырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/20/parlament-komiteti-minkab-toragasynyn-orun-basarlygyna-mamatkanovdu-zhaktyrdy/
- Published: 2026-04-20T07:46:32.000Z
- Updated: 2026-04-20T11:01:36.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүнкү жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды.**

Анын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңештин макулдугун алуу үчүн киргизилген. Комитеттин жыйынында талапкердин өмүр баяны, иш тажрыйбасы боюнча маалымат берилди.

Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. Учурда 43 жашта.

**Билими:**

- 2004-жылы — Ош мамлекеттик университетинин философия жана башкаруу технологиялары факультетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
- 2008-жылы — президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча магистратурасын бүтүргөн.

**Эмгек жолу:**

- 2005–2008-жылдары — Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда;
- 2007–2008-жылдары — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У.Абдуллаеванын кеңешчиси;
- 2009-жылы — вице-премьер-министр У.Абдуллаеванын жардамчысы;
- 2009–2010-жылдары — өкмөт аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, вице-премьер-министрдин жардамчысы;
- 2010-жылы — эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри А.Рыскулованын жардамчысы;
- 2010–2011-жылдары — Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2011-жылы — социалдык коргоо министри А.Рыскулованын кеңешчиси;
- 2012-жылы — өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору;
- 2013–2014-жылдары — жеке сектордо;
- 2014–2016-жылдары — президент аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;
- 2016–2018-жылдары — өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү;
- 2020–2021-жылдары — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;
- 2021-жылы — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
- 2021–2026-жылдары — президенттин администрациясында;
- 2026-жылдын 15-апрелинен тарта — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.