> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде эрте бышкан бадыраңдын түшүмү жыйналып, сатыкка чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/22/batkende-erte-byshkan-badyrandyn-tushumu-zhyinalyp-satykka-chygaryldy/
- Published: 2026-04-22T09:38:46.000Z
- Updated: 2026-04-22T09:38:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы Достук айылында эрте бышкан бадыраңдын түшүмү жыйналып, сатыкка чыгарыла баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Айыл тургуну Махмут Байдиев үстүбүздөгү жылдын март айында 3 сотых жер тилкесине бадыраңдын “Экватор” сортун отургузган. Учурда алынган түшүм жергиликтүү тургундар тарабынан активдүү сатып алынып, аймактагы базарларга да жеткирилүүдө.

> Белгилей кетсек, “Экватор” сорту эрте бышкандыгы жана жогорку даам сапаты менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүктөр дыйканга өндүрүлгөн продукцияны кыска мөөнөттө жана кыйынчылыксыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Бул мисал чакан жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу аркылуу туруктуу киреше табууга болорун дагы бир жолу тастыктайт.