> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргон районунда ички чарбалык каналдарды тазалоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/22/bazar-korgon-raionunda-ichki-charbalyk-kanaldardy-tazaloo-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-04-22T05:17:40.000Z
- Updated: 2026-04-22T05:17:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Учурда атайын техникалар тартылып, каналдардын нугу тазаланып жатат. Бул иштер сугат суунун үзгүлтүксүз жана өз убагында жеткирилишин камсыз кылууга багытталган.

> Каналдарды өз убагында тазалоо айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле бул дыйкандардын эмгегин колдоого өбөлгө болуп, ирригациялык системанын туруктуу иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан иштер суунун коромжусун азайтып, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.