> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 34 800 метр тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/22/ysyk-koldon-34-800-metr-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-04-22T03:24:50.000Z
- Updated: 2026-04-22T03:24:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев суучулдар менен биргеликте Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, 2026-жылдан башынан бери көлдөн 34 800 метр браконьерлик тор чыгарылды.*

Аталган иштер көлдүн экосистемасын сактоо, балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.