> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/23/azyk-tuluk-baalaryna-serep-kyrgyzstan-kazakstan-zhana-rossiiadagy-abal/
- Published: 2026-04-23T09:13:40.000Z
- Updated: 2026-04-23T09:18:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 22-апрелге карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия жана Казакстан) негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.**

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым товарлардын баасы бир аз жогорулаганы, ал эми бир катар азыктар арзандаганы аныкталды. Тактап айтканда, сабиз 0,3%га, тазаланган күн карама майы 0,1%га өскөн. Ошол эле учурда жумуртканын баасы 2,5%га, каймак май 1,7%га, импорттолгон буудай уну 1,4%га, тандыр нан 0,3%га, сүт, эт жана башка азыктар 0,1–0,3%га чейин арзандаганы байкалган.

Казакстанда болсо айрым азык-түлүк товарлары кескин кымбаттаганы белгиленди. Өзгөчө баш пияздын баасы 32%га өскөн. Мындан тышкары күрүч, сабиз, кумшекер, сүт жана башка азыктар да 0,5–4,2%га чейин кымбаттаган. Ошол эле учурда каймак май жана айрым макарон азыктарынын баасы төмөндөгөн.

Россияда азык-түлүк баалары салыштырмалуу туруктуу бойдон калганы менен, бир катар товарларда өсүү байкалган. Атап айтканда, сүт 1,4 пайызга, сабиз 1,2%га, кумшекер 1,1%га, картошка жана жумуртка 0,8–0,9%га чейин кымбаттаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн мониторинг азык-түлүк рыногундагы учурдагы абалды көзөмөлдөөгө жана баа саясатын талдоого багытталган.