> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/23/oshto-700-orunduu-zamanbap-mektep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-23T12:42:41.000Z
- Updated: 2026-04-23T12:42:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ишкаван айылында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.**

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттан турат. Билим берүү мекемеси бардык заманбап талаптарга жооп берип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарттар каралат.

> Мектепте 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лабораториялар, санитардык талаптарга жооп берген ашкана, китепкана, 300 орундуу амфитеатр тибиндеги актовый зал, лифт, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын санитардык түйүндөр каралган. Мындан тышкары, 120 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорт залы да курулат.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Учурда имараттын пайдубалын куюу иштери толук аяктап, объектте 90 жумушчу эмгектенүүдө.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1500гө жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейинки мектеп имараты 1990-жылдары кичи ишкана катары курулуп, кийинчерээк билим берүү мекемеси катары пайдаланылып келген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-23----17.42.46.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-23----17.42.49.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-23----17.42.54.png)