> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/24/bala-yrysy-zholokpulun-25-minden-ashyk-adam-alyp-zhatat/
- Published: 2026-04-24T06:32:53.000Z
- Updated: 2026-04-24T06:32:53.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Экономика

**Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы чаралары ишке ашырылып жатканын эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан тартып "Балага келечек" программасы иштеп жатат. Бул программа ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом топтоону карайт. 2025-жылы бул мүмкүнчүлүктөн 100 бала пайдаланган.

2026-жылдан тарта тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн жаңы төлөмдөр киргизилди:

- төртүнчү балага — 100 миң сом,
- жетинчи балага — 1 млн сом,
- онунчу жана андан кийинки балдарга — 2 млн сом.

"Мындан тышкары, үчүнчү жана андан кийинки үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө "Бала ырысы" жөлөкпулу киргизилди. 2026-жылдын 1-апрелине карата аны 25 миңден ашык адам алып жатат",- деп билдирди министрдин орун басары.