> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйылкы жылдын 4 айында 1140 киберкылмыштуулук катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/24/byiylky-zhyldyn-4-aiynda-1140-kiberkylmyshtuuluk-kattaldy/
- Published: 2026-04-24T10:43:20.000Z
- Updated: 2026-04-24T10:43:19.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Кыргызстанда киберкылмыштуулук өсүп, мындай иштер боюнча жалпы зыян 1 млрд сомдон ашканын CYBERTOR-2026 форумунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.**

Анын айтымында, 2025-жылы 1547 киберкылмыш катталган болсо, 2026-жылдын үчүнчү кварталына карата бул көрсөткүч 1140ка жеткен.

Абдиев белгилегендей, киберкылмыштуулук эң кооптуу кылмыш түрлөрүнүн бирине айланып барат. Кеңири тараган түрлөрүнө интернет-алдамчылык, фишингдик чабуулдар, жеке маалыматтарды уурдоо, аккаунттарды бузуу жана криптовалюталарды колдонуу менен жасалган кылмыштар кирет.

ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышкерлер жарандардын ишенимине жана маалыматынын жетишсиздигине таянып, социалдык инженерия ыкмаларын активдүү колдонушат.

> Негизги тенденциялар катары ал алыстан жасалган кылмыштардын көбөйүшүн, географиясынын кеңейишин, чет өлкөлүк субъекттердин катышуусун, кирешелерди мыйзамдаштыруу схемаларынын татаалдашуусун жана жаштарды интернет аркылуу тартууну белгиледи. Ошондой эле калктын киберсабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү да айтылды.

ИИМде билдиришкендей, бул коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн программалык-аналитикалык системалар киргизилип, техникалык жабдуу күчөтүлүп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.