> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атадагы ооруканага 20 млн сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/24/cholpon-atadagy-oorukanaga-20-mln-som-bolunot/
- Published: 2026-04-24T06:18:21.000Z
- Updated: 2026-04-24T06:18:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Парламент төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, 100 орундуу жаңы имараттын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын аягында башталып, ага республикалык бюджеттен 230 млн сом каралган. Бирок каржы маселеси толук чечилбей курулуш иштери кечеңдөөдө.* 

Төрага дароо тиешелүү мамлекеттик органга байланышып, калган каражатты тездетип бөлүп берүүгө чакырды. Ошондой эле оорукананы керектүү жабдуулар менен камсыздоо максатында кошумча дагы 20 млн сом бөлүнөрү белгилүү болду.

---

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!