> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумушсуз кош бойлуу аялдар 7500 сом жөлөк пул ала алышат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/24/zhumushsuz-kosh-boiluu-aialdar-7500-som-zholok-pul-ala-alyshat/
- Published: 2026-04-24T10:00:53.000Z
- Updated: 2026-04-24T10:01:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Кыргызстанда жумушсуз кош бойлуу аялдар иш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган шартта төрөткө чейинки жөлөкпул ала алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.**

Депутат Нуржамал Төрөбекова азыркы учурда төрөткө чейинки бир жолку жардам иштеген аялдарга жана айыл чарбасында эмгектенгендерге гана берилип жатканын, ал эми жумушсуз аялдар бул колдоодон тышта калып жатканын айтты. Ал бардык кош бойлуу аялдарга, жумушуна карабастан, жөлөкпул төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

> Министрликтин өкүлү түшүндүргөндөй, иштеген аялдар үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөр (оору баракчасы) төмөнкүдөй каржыланат: алгачкы 10 күндү иш берүүчү төлөйт, 11-күндөн баштап төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. 

> Ошол эле учурда жумушсуз кош бойлуу аялдар, эгерде расмий түрдө жумушсуз катары катталган болсо, орточо эсеп менен 7500 сомго жакын акчалай жөлөкпул ала алышат.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, бул үчүн иш менен камсыз кылуу борборуна каттоого туруу керек жана аялдар эмгек стажы жок болсо да төлөм алууга укуктуу боло алышат.